3- Декабрь 1988 -жылы футболчу Азамат Байматов төрөлгөн
“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча "2009-жылдын мыкты спортчусу" аталган Азамат Байматов Ош шаарында төрөлгөн.
“Дордой-Динамонун” курамында Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун (2008) ээси, Кыргызстандын чемпиону (2008, 2014), АФКнын президентинин кубогунун (2008) күмүш медалынын ээси, 2011-жылы 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын версиясы боюнча "Жылдын мыкты футболчусу" наамына ээ болгон. Футболчу 2012-жылкы сезонду казакстандык "Окжетпес" клубунун катарында өткөргөн. 2013-жылдын март айында дарыгерлердин чукул эскертүүсүнөн улам 6 айдан ашык убакыт футбол ойногон эмес, жеңил машыгууларды гана өткөрүп келген. Анын улуттук курама командага кайтып келүүсү ушул эле жылдын октябрь айына дал келген. 
Учурда (2014) футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны, бишкектик "Дордой" футболдук клубунун коргоочусу. Клубдун курамында бул жылы Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганы, Көз карандысыздык Кубогун жана Суперкубокту утуп алган. 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында 23 жашка чейинки курамдын капитаны болуп, улуттук кураманын өз тайпасынан чыгуусуна олуттуу салым кошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан