4- Декабрь 2012 -жылы Сузак районунун 5 тургуну көмүр казып жатып каза болушкан
Сузак районунун Барпы айыл округуна караштуу Маркай айылында 5 адам мыйзамсыз түрдө көмүр казып жатып каза болгон. Алар ошол күнү саат 11лер чамасында Маркай айылындагы Аттокур Токтоболотовго тиешелүү «Кыял» менчик шахтасында жетекчинин уруксаты жок көмүр казышкан. Көмүр казгандар газга ууланып каза болушкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен адамдардын сөөгү шахтадан чыгарылып, туугандарына берилген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан