4- Декабрь 1984 -жылы бийчи, дизайнер Айпери Обозова төрөлгөн
Бийчи, дизайнер Айпери Обозова Бишкекте төрөлгөн. №5 улуттук гимназияны бүтүргөн.
2008-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин дизайнер-архитектор адистиги боюнча аяктаган. Айпери “Жаш кыял” бий ансамблин бий үйрөтүүгө укук алуучу диплом менен аяктап, “Versus” тобун ачкан. АКШ, Франция, Италия, Түркия, Германия жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө бий фестивалдарына катышкан. Өзүнүн биринчи кийимдер коллекциясын 2009-жылы чыгарган. 2011-жылы Жаштар иштери боюнча министрлигинин тандоосу менен Кыргызстандын атынан “Баку мода жумалыгы” эл аралык фестивалына катышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан