4- Декабрь 1979 -жылы
"Аль-Харам" мечитинде (Кааба) террорчулар колго түшүрүлүп, 450 адам каза болгон
1979-жылы 20-ноябрда "Аль-Харам" мечитине (Кааба) террорчулар кол салышкан. Башында Аль-Утайби деген адам болгон 500 кишиден турган топ мечитти жана андагы 6000 кишини камап алышкан. Аль-Утайби Америкага мунайзаттын сатылбашын талап кылган. Мамлекет 3000 аскер, 12 брондолгон унаа жана 5 вертолёттон турган тобу менен да террорчуларга күчү жетпей койгон. Ошондо Арабстандын падышасы алгачкы жолу Меккеге мусулман эместерди киргизүү чечимин кабыл алып, 4-декабрда франциялык спецназ террордук топту колго түшүргөн. Бул операцияда 200 террорчу жана 250 барымтага алынгандар каза тапканы белгилүү.