8- Декабрь 1953 -жылы
Америкалык актриса Ким Бейсингер төрөлгөн
Америкалык актриса, Алек Болдуиндин мурунку аялы Ким Бейсингер төрөлгөн. "Секреты Лос-Анджелеса" тасмасындагы экинчи пландагы каармандын ролу үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарынын лауреаты болгон. 17 жашында Бейсингер "Мисс Джорджия" сулуулук сынагын утуп алган. Андан соң Нью-Йоркко көчүп келип, "Мисс Америка" сынагына катышып, моделдик бизнесте иштей баштаган. 1970-жылдардын башында белгилүү америкалык моделдердин бири болуп, ондогон журналдардын бетине чыккан. Өзүнүн алгачкы ролун "Портрет очарования" тасмасында жараткан.