11- Декабрь 1972 -жылы АКШлык космонавттар Южин Сернан менен Харрисон Шмитт Айдын үстүнө акыркы ирет конушкан
АКШлык космонавттар Южин Сернан менен Харрисон Шмитт Айдын үстүнө акыркы ирет конушкан. Андан бери Жердин жандоочуна эч ким коно элек. 
"Аполлон" программасынын чегинде 11-жана акыркы "Апаллон-17" деп аталган учуруу болгон. Муну менен адамдар Айдын бетине 6 жолу конушкан. Бул Айды изилдөө үчүн жиберилген 3-жей-миссия болгон. Экипажда профессионал-окумуштуу, геолог Харрисон Шмитт болгон. 
Алар Айдагы Ачыктык деңизинин түштүк-чыгыш жагындагы Таурус—Литтров өрөөнүнө конушкан. 
Астронавттар Айда 3 сутка болушуп, 22 саат 3 мүнөт 57 секунда сыртта болушкан. Ал эми 19-декабрда "Апаллон-17" Тынч океанга түшкөн. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан