11- Декабрь 1843 -жылы Немис микробиологу Роберт Кох туулган
Кургак учуктун таякчасын, сибир жарасынын бацилласын, холера вибрионун ачкан немис микробиологу Роберт Кох Германиянын Клаусталь-Целлерфельд шаарында туулган. 
Гёттинген жогорку окуу жайында окуп, медицинанын доктору даражасына ээ болгон. Француз-орус согушу учурунда аскер хирургу болуп иштеген. Андан соң өзүнүн микробиологиялык лабораториясын ачып, сибирь язвасын изилдей баштаган. Буга байланыштуу бир нече эксперимент жүргүзүп, аталган оорунун себеби болгон бактерияны аныктаган.
1880-жылы Р.Кох Германиянын Берлиндеги Империялык саламаттыкты сактоо бөлүмүндө өкмөттүк кеңешчи болуп иштеп калат. Ошол мезгилде өлкөдө кургак учуктан улам ар бир 7-адам көз жумуп турган. Мындан улам окумуштуу туберкулёздун козгогучун табууну чечет. Ошентип 1882-жылы 24-мартта ал ооруну пайда кылган таякча түрүндөгү бактерияларды таап, коомчулукка билдирген. 
Индияда иштеп жатканда  Кох немис өкмөтүнүн тапшырмасы менен холера илдетин чакыра турган микробду тапканын жарыялаган. 
1885-жылы Кох Берлин университетинин профессору жана Гигиена институтунун директору болуп дайындалат. 1905-жылы кургак учакты дарылоого багытталган изилдөөлөрү жана ачылыштары үчүн физиология жана медицина боюнча "Нобель" сыйлыгына ээ болгон. 1910-жылы 27-майда окумуштуу жүрөк пристубунан улам Германиянын Баден-Баден шаарында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан