8- Декабрь 1987 -жылы спортчу Нурбек Аканов төрөлгөн
Спортчу Нурбек Аканов Сузак районунун Кара-Дарыя айылында төрөлгөн. 10-классынан баштап чоң мелдештерге катышып, 62 килограмм кийин 74 килограмм салмакта Кыргызстандын чемпиондугун ута баштаган. Ошол эле салмак менен абсолюттук эң оор салмактагылар арасында да жеңишке ээ болгон. Санкт-Петербургда өткөн чыгыш өнөр искусствосунун Бүткүл дүйнөлүк оюндарында 90 килограммдан жогоркулар арасында күч сынашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда далыларын жерге тийгизип, таза жеңип алган. Бел боо күрөшү боюнча Азия чемпиону. 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү. 2013-жылы 3 ири мелдеште чемпион аталган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан