Бишкекке кылмыштуу чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү Камчы Көлбаевдин Дубайдан келгендиги маалым болгон. Ага "адам уурдоо", "мыйзамсыз курал-жарак сактоо, аны алып жүрүү" сыяктуу оор кылмыш беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна абакка алынып, тергөө иштери башталган.