10- Декабрь 1868 -жылы Эң биринчи жол чырак Лондондо орнотулган
Эң биринчи жол чырак Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж.Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты болгон. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн. Ал эми кеч киргенден тартып айланып туруучу газ фонары колдонулган. Андагы кызыл өң “токто!” жана жашыл өң “өт!” дегенди түшүндүргөн. Бирок, 1869-жылы 2-январда газ фонары жарылып кетип, жанындагы светофорду башкарган полиция кызматкерин жарадар кылган. Ушундан кийин окумуштуулар дагы ойлоно башташкан. 1910-жылы адамдын катышуусу керек болбогон автоматташкан жол чырак Эрнст Сиррин аттуу чикаголук окумуштуу тарабынан ойлонуп табылган. Бул светофордо “токто! ” жана “өт!” деген жазуу болгон. Электр менен иштеген жол чырактын ойлоп табуучусу болуп АКШнын Юта штатына караштуу соллт-лейк-ситилик Ластер Вайр аттуу окумуштуунун аты аталып келет. 1912-жылы ал кызыл, жашыл сигналы бар жол чыракты ойлоп тапкан. Бирок, ойлоп табуусуна патент алган эмес. Ал эми 1914-жылы ойлонуп табылган электр жол чырагы Жеймс Хог аттуу окумуштууга таандык болгон. Бул да эки: жашыл жана кызыл өңдө болгон. Жол чырактар кошумча үн сигналын берип турган. Бул систем жолдун кесилишиндеги будкада отурган полиция кызматкери аркылуу ишке ашкан. Ал эми үч өңдөгү жол чырактар 1920-жылы чыга баштаган. Сары өң кошулуп чыгарыла баштаган жол чырактарынын авторлору Жон Харрис менен Уильям Поттс болушкан. 1922-жылы мындай жол чырактар Европага жайыла баштайт. Советтер союзунда эң биринчи жол чырак 1930-жылы 15-январда Ленинградда Невск-Литейный көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган. Ал эми Москва шаарына 30-декабрда коюлган. Мындан тышкары да жол чырактын пайда болушунда көптөгөн окумуштуулардын аты аталып келет.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан