12- Декабрь 1996 -жылы
Евронун белгиси расмий түрдө элге тааныштырылган
Евро – Европа акча бирдигинин аталышы. деп белгиленет. Евронун символун жаратуу үчүн сынак жарыяланган. Сунушталган 10 символдун ичинен элдик сурамжылоонун натыйжасында экөө кабыл алынган. Бул белгилерден Еврокомиссия ушул белгини (€) тандап алган. Жеңип алган символдун авторлору 4 кишиден турган. Алардын ысымдары расмий түрдө аталган эмес. Расмий түрдө бул белгинин дизайнери катары Европа коомунун графикалык дизайнери болуп иштеген Артур Эйзенменгерди аташат. Символдогу Е Европа дегенди, ал эми эки сызык евронун туруктуулугун билдирип турат. 12-декабрь, 1996-жылы белги расмий түрдө элге тааныштырылган.