Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз өлкөсүнүн Орусиянын аскердик базасынын макамы жана шарты тууралуу мыйзамга, ошондой эле эки өлкөнүн аскердик кызматташуусу жөнүндөгү протоколго кол койгон. Аталган мыйзам 13-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 3-окууда кабыл алынган. Орусиянын базасы ЖККУнун куралдуу күчүнүн бөлүгү болгондуктан, база бардык салык төлөмдөрүнөн жана жердин ижара салыгынан кутулган. Бирок келишимге ылайык, база 2017-жылдын 29-январынан баштап жылына 4 502 495 доллар өлчөмүндө салык төлөй баштайт.