Украиналык ырчы жана алпаруучу Анна Седокова туулган. Мектепти алтын медаль менен аяктап, ошол эле учурда музыкалык мектепти дагы бүтүргөн. Ырчы алгачкы жолу сахнага "Світанок" элдик ансамблинин катышуучусу катары чыккан.
Анна Седокова 16 жашынан баштап модель, түнкү клубдагы кечелердин алпаруучусу жана режиссёр-коюучусу болуп иштеп, кошумча акча тапкан. Киевдеги Маданият жана искусство улуттук университетине тапшырып, телевидение жана радионун диктору кесибине ээ болгон.
"О-TV" каналында алпаруучу болуп иштеп, элге таанылган. Андан соң Константин Меладзенин "ВИА Гра" тобуна кастинг аркылуу 200 кыздын арасынан тандалып алынып, ырчы катары чыныгы атак-даңкка жеткен. Бирок бул топто ал көпкө чейин ырдаган эмес, көп өтпөй телевидениеге кайтып келип, "Новый каналда" Максим Нелипа менен "Подъем" телеберүүсүн алпарган.
2002-жылы А.Седокова кайрадан "ВИА Гра" тобунун курамына кирип, аталган топ менен бирге "Стоп-стоп-стоп", "Убей мою подругу", "Притяженья больше нет", "Не оставляй меня, любимый" аттуу белгилүү ырларды жаздырган. Атактуулуктун туу чокусунда турганда ырчы белгилүү спортчу Валентин Белькевич менен сүйүү мамилесин баштап, "ВИА Градан" кайра кетет. Экөө Алина аттуу кыздуу болушуп, бирок көп өтпөй ажырашып кеткен. Айтылуу топтон кеткен соң Седокова жеке ырчы катары чыгармачылык менен алектенип, 2007-жылы "Новые песни о главном" программасынын алпаруучусу болгон. 2011-жылы ырчы Максим Чернявский аттуу ишкерге турмушка чыгып, Моника деген кыздуу болшкан. Ырчынын бул никеси дагы ийгиликсиз болуп, ажырашуу менен аяктаган. Анна Седокова ошондой эле "Две звезды", "Ледниковый период 2" программаларына катышып, "Седьмая раса", "Проект Подиум", "Телезвезда - суперзвезда", "Король ринга" деген бир нече телеберүүлөрдү алпарган. Ырчы "Беременный" кинокомедиясына жана "Сила притяжения" сериалына тартылып, өзүн актриса катары дагы сынап көргөн.