
Ирак Кувейтке кол салган. Бул жаңжал 2 күнгө созулуп Персид булуңундагы согушка алып келген.
1990-жылы 18-июлда Саддам Хусейн Кувейтти чек арадан Ирактын мунайын мыйзамсыз түрдө өндүрүп жатышканын айтып, компенсациясына 14 миллиард карызын кечирип, үстүнө 2,5 миллиард доллар кошуп беришин талап кылган. Кувейттин шейхи Джабер аль-Ахмед аль-Джабер ас-Сабах талаптарды аткаруудан баш тарткан.
Ирактын аскерлери чек арага жыйналып, Саддам Хусейн көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүгө даярдыгын айткан. 1-августтагы сүйлөшүүлөр Ирак тарабынан токтотулган.
2-августта саат 2:00дө ирактык 120 миң аскер жана 350 танк Кувейтке кол салган. Ошол эле күнү ирактык аскерлер эмирдин сарайын басып алышкан. Эмир Сауд Аравияга качып кеткен.
4-августта кувейттик армия талкаланып, өлкөнүн аймагы ирактык аскерлердин башкармасына өткөн.
8-августта Ирак менен Кувейт бириккени жарыяланган. Дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр Иракка каршы болуп, АКШнын башкармачылыгы менен эл аралык коалиция тарабынан болгон аскердик аракетинен улам Кувейт февралдын аягында Ирактын аскерлеринен бошотулган. 2002-жылы Саддам Хусейн официалдуу түрдө Кувейттен кечирим сураган, бирок Кувейт кечирүүдөн баш тарткан.