16- Декабрь 1974 -жылы
Ырчы Топчубай Айтмаматов туулган
Ырчы Топчубай Айтмаматов Ош облусунун Ноокат районундагы Шаң-Кол айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Ош гуманитардык- педагогикалык институтуна тапшырып, музыка бөлүмүн бүтүргөн. Алгач "Жаштык" деген топ менен чыгып жүрүп, 1996-жылдары ал топ менен биргеликте "Апакемди эскерем" аттуу ыр жыйнагы чыккан. Акыркы жолу 2004-жылы концерт берип, топ тарап кеткен. Ырчынын репертуарында 40тан ашык ыры бар. Мисалы, "Атакем", "Сүйүп калдыңбы?", "Апакемди эскерем" ж.б.