17- Декабрь 1969 -жылы
ырчы, ди-джей Динара Жусаева туулган
Ырчы, ди-джей Динара Жусаева Нарында соодагерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 8-классты аяктагандан кийин борборго келип, филармониядагы эстрадалык студиянын гитара классына тапшырган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун гитара бөлүмүндө билимин уланткан. Студент кезинде Бакыт Айтбосуновдун “Энекем” деген ырын ырдап чыккан. Институтту аяктагандан кийин Маданият министрлигинде эки жыл, ошол эле учурда Кыргыз радиосунда да эмгектенген. Кийин “ХХI кылым” радиосу түзүлүп, ал жакка башкы продюсер болуп орношкон. Ал жакта 10 жыл иштеп, реформалардан улам "ХХI кылым" радиосунун ордуна "Түнкү белес" радиосу ачылып, ал жакта ишин уланткан.