20- Декабрь 1949 -жылы Ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огомбаев каза болгон
Ырчы, комузчу, күүчү, обончу Атай Огомбаев 49 жаш курагында катуу оорудан Таласта каза болгон.
Атай Огомбаев 1900-жылы Талас районундагы Көк-Кашат айылында туулган. Жети жашында комуз черте баштап, он үч-он төрт жашында элдик ырлар менен күүлөрдү аткаруучу катары эл ичинде таанылып калган. 1920-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн чыгарып, атагы чыккан өнөрпоз катары Талас өрөөнүнө таанылган. 1926-жылы улуу ырчы Токтогул менен жолугушуп, ырчылык жана комузчулук таалимин алган. 1935-жылы Кыргыз мамлекеттик театрына кирип, кийин филармония уюшулуп, ага солист болуп которулган. Комузчулар ансамблин уюштурган. Артисттер болуп эл кыдырып концерт-оюн көрсөтүшкөн. Анын "Күйдүм чок", "Эсимде", "Гүл", "Ой булбул", "Жаштар" жана башка ырлары угуучуларга кеңири маалым. Атай Огомбаевге Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген наам берилип, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери жана медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан