26- Декабрь 1973 -жылы
Орусиялык ырчы, обончу, "Непара" дуэтинин ырчысы Александр Шоуа туулган
Орусиялык ырчы, обончу, "Непара" дуэтинин ырчысы Александр Шоуа Грузиянын Сухуми шаарында төрөлгөн. Убагында атасы музыкант, апасы шахматчы болгон. Ырчы бала кезинен музыкага жакын болуп, достору менен футбол ойногондон көрө үйүндө фортепианодо ойногонду жакшы көргөн. Бул кызыгуусу аны Сухуминин музыкалык окуу жайынан билим алууга жеткирген. Андан соң Москва шаарына келип, дүкөндөрдүн биринде жүк ташуучу да болуп иштеген. Кийинчерээк ошол учурдагы популярдуу болгон "Арамис" поп-тобунда аранжировщиктин жана музыканттын ордун ээлеген. Ошондон тартып Сашанын музыка дүйнөсүнө кызыгуусу ого бетер күч ала баштаган. Чыгармачылыктын жолунда жүрүп "Восток" деген топ менен таанышып калган. Алар аркылуу Германияда иштеп келет. Ошентип жүрүп акыры чыгармачылыкка баш оту менен киришүүнү чечкен. Александр Шоуа 2002-жылы күз айында Москва шаарында Виктория Тальшинская менен биргеликте "Непара" тобун түзүшкөн. Аталган топ орус шоу-бизнесине жаңы жанр алып келип, "Другая причина", "Плачь и смотри" ж.б. хитке айланган.