27- Декабрь 1948 -жылы
Актриса Жамиля Сыдыкбаева туулган
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Жамиля Сыдыкбаева Ысык-Көл облусундагы Жети- Өгүз районунун Кытай айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Улуттук университеттин чет тилдер факультетине тапшырган. Бирок аягына чейин бүтпөстөн, Москвадагы ГИТИСке тапшырып, окуп калган. Окуусун бүткөн соң Ош драма театрында эмгектенген. Кийинчерээк борбордогу Кыргыз драма театрына которулуп келип, иштеп калган.