29- Декабрь 2004 -жылы
Кыргызстан элдик кыймылы, "Ата Журт" коомдук-саясий кыймылы, "Жаңы багыт" партиясы, Кыргызстан элдик конгресси жана "Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикмесинин лидерлери кызматташуу меморандумуна кол коюшкан
Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев, "Ата Журт" коомдук-саясий кыймылынын лидери Роза Отунбаева, "Жаңы багыт" партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев, Кыргызстан элдик конгрессинен Алмазбек Атамбаев жана "Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикмесинин лидери Мисир Ашыркуловдор кызматташуу меморандумуна кол коюшкан. Меморандумда парламенттик шайлоо учурунда ич ара кызматташуу; парламенттик шайлоону Баш мыйзамдын талабына шайкеш жана демократиялык шартка ылайык адилет өткөрүү сыяктуу маселелер каралган.