1- Январь 1893 -жылы Советтик геолог, минералог, петрограф, геохимиги Дмитрий Щербаков туулган
Советтик геолог, минералог, петрограф, геохимиги Дмитрий Щербаков (кээ бир маалыматта 13ү) Орусиянын Брянск облусунун Новозыбков шаарында туулган. 1911-жылы Санкт-Петербургдагы гимназияны аяктап, Политехникалык институттун металлургиялык бөлүмүнө тапшырган. Окуусу менен бирге 1913-жылдан баштап Крымдагы жанар тоо породаларын изилдөө лабороториясында иштей баштаган. 1919-жылы жарандык согуштун айынан Крымдагы университетке которулуп, окуусун уланткан. Окуу менен катар 2 жылдан ашык окуу жайдагы профессордун жардамчысы болуп иштеген. 1921-жылы окуусун алтын медаль менен аяктап, илимий кызматкер катары Санкт-Петербургдагы Өндүрүш күчтөрүн изилдөөчү комиссиянын курамына кошулуп, илимий экспедицияларга чыга баштаган. 1922-1923-жылдары Орто Азияга болгон экспедицияда геохимиялык бөлүмгө башкы радиолог болуп дайындалган. 1928-1938-жана 1953-1963-жылдарда СССРдин Илимдер академиясынын Тажик-Памир, андан кийин орто азиялык илимий экспедицияны жетектеген. Ал жетектеген топ 1954-жылы Кыргызстандын түштүгүнөн сурьма жана сымап кенин ачышкан. Бул жетишкендиктери үчүн ал 2 жолу Ленин орденине жана бир нече медалдарга татыган. Анын ысымы минералдык затка берилип – “щербаковит” деп аталат.
Щербаков 1966-жылы 25-майда Москва шаарында көз жумган. Анын эмгеги үчүн Кыргызстандан тышкары Индия деңизинин алдындагы тоого жана Антарктидадагы Орвин тоолоруна ысымы ыйгарылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан