2- Январь 1789 -жылы Абдрахман Кучаков баштаган кыргыз элчилиги Омск шаарына келген
Орусия империясы менен кыргыздардын саясий байланышы XVIII кылымдын экинчи жарымынан тарта калыптанып, аны андан ары өнүктүрүү маселесине келгенде, эки тараптын тең кызыкдар экендиги ачык байкалбай койбойт.
Кыргыз калкынын улук бийи Атаке баатыр жабдыган элчилик 1784-жылы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, Омск-Петропавловск-Челяба, Екатеринбург-Москва аркылуу Санкт-Петербург шаарына келип, орус бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу мамилени жөнгө салуу туурасында сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
Кыргыз элчилери: Абдрахман Кучаков, анын уулу Сатынбай жана Шергазылар кайра мекенине кайтканда, аларды расмий бийлик өкүлдөрү коштоп, 1789-жылдын 2-январында кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Бул жерден Абдрахман Кучаков элчилик ийгиликтүү аяктагандыгын билдирип, Атаке баатырга кат жолдогон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан