Орусиялык актриса Валерия Ланская Москвада туулган. Ал кичинекейинен муз үстүндө бийлөөгө кызыгып, апасы спорттун ушул түрү боюнча машыктыруучу болгондуктан, кызын да гимнастика жана муз үстүндөгү бийге үйрөткөн. Валерия Ланская 2005-жылдан тартып тасмаларга тартыла баштап, "Есенин", "Заяц над бездной", "Кадетство", "Принцесса цирка" ж.б. фильмдерде роль жараткан. "Принцесса цирка" фильминдеги трюктардын 80 пайызын өзү аткарган.