3- Январь 1934 -жылы
Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыков 1933-жылдын май айында "эл душманы" деген жалган жалаа менен камакка алынып, ага карата айыптоо жыйынтыгы жазылып баштаган
Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыков 1933-жылдын май айында "эл душманы" деген жалган жалаа менен камакка алынып, ОГПУ сурагынан өткөн. А.Сыдыковго Социал-Туран партиясынын анабашчысы, совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн күчтөрдүн уюштуруучусу сыяктуу айып коюлган. Адам чыдагыз шартта жасалган сурактан улам ал коюлган күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгон. Ташкент шаарында сурак жүргүзгөн ООСАВО начальниги П.П.Загвоздин, 1934-жылдын 3-январынан тарта А.Сыдыковго карата айыптоо жыйынтыгын жазып баштаган.