Кокон хандыгында кыпчактардын таасири күчөп баратканына тынчсызданган Сибирь корпусунун командири аскер министрине билдирүү жолдогон. Анын айтымында, хандыктын мурдагы башкаруучулары акырындык менен кыпчактар жана кыргыздарга алмаштырылган. Тестияр хан Султан-Сеидге аталык милдетти молдо Алымкул алып, анын буйругуна ылайык хандын эски сарайы бузулган. Сибирь корпусунун командири Алымкул аталык хан сарайды шаар сыртына чыгарып, мында корголгон ордо курдургандыгын кабарлаган.