4- Январь 2010 -жылы Дубайда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик "Бурж-Халифа" имаратынын ачылыш аземи болуп өткөн
Дубайда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифанын" ачылыш аземи болуп өткөн. Ири имараттын курулушу дээрлик 5 жылга созулуп, ага 1,5 миллиард доллар сарпталган. Ачылышына 6 миң адам катышып, майрам фейерверктер менен коштолгон. Ачылыш аземинин түз берилишин дүйнөнүн 2 миллиарддан ашык адамы көргөн. Имараттын негизги бөлүгү кеңселерге берилген. Антсе да анда ресторандар, бассейндер, мейманкана бөлмөлөрү жайгашкан. Мейманкананын дизайнын айтылуу Жоржио Армани иштеп чыккан. Имарат кызмат көрсөтүүчү адамдарды кошкондо 12 миң адамды батыра алат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан