5- Январь 1837 -жылы Орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, этнограф, археолог Василий Радлов туулган
Орусиялык чыгыш таануучу, түрколог, этнограф, археолог Василий Радлов Берлинде туулган. Берлин университетинде чыгыш илимдери боюнча мыкты билим алган В.В.Радлов 1958-жылы мекени Германияны таштап, биротоло Орусияга келген. Болочок академик кийин Барнаулга жер которуп, Алтай аймагына археологиялык жана этнографиялык экспедицияларды уюштура баштаган. Алтай жана Саян аймагынан ал теңдешкис лингвистикалык маалымат топтоп, "Түрк калктар адабиятынын элдик адабияты" аталган үч томдук фундаменталдык эмгегин жарыялаган. Академик В.В.Радлов Кыргызстанга келген маалында "Манас" эпосун жазып алып, 1885-жылы анын текстин кыргызча жана немис тилдеринде жарыялаган.
Василий Радлов 1918-жылы 12-майда 81 жашында Орусиянын Петроград шаарында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан