3- Август 1963 -жылы “Битлз” тобу Ливерпулдагы “Үңкүр” аттуу клубда акыркы жолу концерт койгон
Атактуу “Битлз” тобу Ливерпулда 1960-жылы түзүлгөн. XX кылымдын эң мыкты тобу болуп эсептелинет. Топтун көптөгөн ырлары дүйнөгө таанылып, АКШнын жана дагы башка өлкөлөрдүн музыкалык чарттарында биринчиликти алган. Бул топ он жолу "Гремми" сыйлыгына ээ болуп, катышуучулары мекенине эмгек сиңиргени үчүн "МВЕ" ордендери менен сыйланышкан. “Битлз” тобу Ливерпулдагы “Үңкүр” аттуу клубунда таланттарын жакшыртышкан. Себеби, алар чыгармачылыгынын башталышында ушул клубдун ээси менен контракт түзүп ар дайым ырдап чыгышчу. Бул клуб алардын "экинчи үйү" болгон. Сахнада ырдап жаткан топтун катышуучулары сахнада эле күйөрмандары менен тамашалашып, сыра ичип, чылым чегип, тамак жей беришчү. “Битлз” тобунун клубдагы акыркы концерти ушул күнү болгон. 1970-жылы 9-апрелде Пол Маккартни Жон Леннон менен иштешүүнү токтотконун айтып, аны менен кошо “Битлз” тобу тараган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан