6- Январь 1986 -жылы Орусиялык модель Ирина Шейк туулган
Орусиялык модель Ирина Шейк Орусиянын Челябинск облусунун Еманжилинск шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Шайхлисламова Ирина Валерьевна. "Glamour" журналынын 2012-жылкы тандоосу боюнча "Жылдын модели" наамынын ээси. "Sports Illustrated Swimsuit Edition" журналынын башкы бетине чыккан орусиялык алгачкы модель.
2004-жылы Челябинскте өткөн сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тарта моделдик индустрия аны өзүнө тартып, Гия Жикидзе аттуу модельердин сунушу, жардамы менен жергиликтүү сулуулук агенттикте иштөөгө киришет. 2005-жылы Европада өз талантын көргөзүп, кийинчерээк АКШга аттанып, белгилүү бренддердин жүзү болууга жетишет. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан