
Жазуучу, драматург жана котормочу
Касымбек Эшмамбетов каза болгон.
Ал Пишпекке жакын жердеги Орто-Алыш айылында 1910-жылы туулган. Мектепти аяктаган соң Фрунзедеги педтехникумга өтүп, аны 1930-жылы бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштей баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында согушка катышып, жарадар болуп кайтат. К.Эшмамбетовдун чыгармачылык иши техникумда окуп жүргөндө башталып, аңгеме жана макалалары адабий журналга жарыяланып турган. Анын "Жаратылыш сырлары" деген биринчи аңгемеси 1930-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. 1936-жылы В.Шекспирдин "Гамлет" классикалык чыгармасын, "Отелло", "Король Лир" деген трагедияларын, Островскийдин "Кедейлик кемтик эмес" деген пьесасын, Чеховдун, Горькийдин ж.б. орус жазуучуларынын көп чыгармаларын кыргыз тилине которуп, "Сарынжи" аттуу пьесасын жазган. "Сарынжи" жылдар бою театрлардын сахнасынан түшпөй, орус тилине которулуп, Фрунзе, Красноярск, Иваново ж.б. шаарларда коюлган. "Анар" балетинин либреттосунун да автору К.Эшмамбетов. Ал 1939-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнө сиңирген эмгеги үчүн К.Эшмамбетов Ардак белгиси ордени, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн" медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамоталары менен сыйланган.