9- Январь 1982 -жылы
Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон төрөлгөн
Улуу Британиянын ханбийкеси Кейт Миддлтон Англиянын Рединг шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Кэтрин Элизабет Миддлтон. Кейт Миддлтон орто билимди Мальборо колледжинен алып, 2001-жылы Сент-Эндрюс университетине тапшырган.
Кэтрин ханзаада Уильям менен 2002-жылы Шотландиянын Сент-Эндрюсс университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Ошол күндөн тарта эки жаш алгач дос болуп жүрүшүп, көп өтпөй чогуу жашап башташкан. Кылымдын тоюна айланган Кейт Миддлтон менен ханзаада Уильямдын тою 2011-жылы 29-апрелде болуп өткөн. Түгөйлөр 2013-жылдын 22-июлунда Георг Александр Луи аттуу уулдуу болушкан. Ал эми 2015-жылы 2-майда кыздуу болушуп, атын Шарлотта Елизавета Диана коюшкан.