11- Январь 1972 -жылы
орусиялык тележурналист, шоумен, алып баруучу Андрей Малахов туулган
Орусиялык тележурналист, шоумен, алып баруучу Андрей Малахов Орусиянын Апатиты шаарында төрөлгөн. ММУнун журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаганы үчүн 1,5 жылдык стажировкага Американын Мичиган штатына жөнөтүлгөн. Мекенине кайтканда алгач “Останкинодо” кабарларды англис тилинен которуп иштеген. Бирок мындай кызмат Андрейдин көңүлүнө жакпай, ди-джейлик кесипти тандайт да, “Максимум” радиосуна ишке орношот. 1995-жылы “Биринчи канал” тарабынан “Утро” телепрограммасынын алып баруучусу болуп тандалганда анын жүзү да элге таанылып, белгилүү инсандардын катарына кошула баштаган. 1998-жылы юристтин окуусун окуп чыгууга жетишкен. 2001-жылы Андрей “Большая стирка” шоу-көрсөтүүсү менен журт алдына чыгып, мыкты шоумен экенин далилдеген.