Мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков “Коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди офицер уулуна берип койгон” деген айып менен Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан генерал-лейтенанттык чининен ажыратылып, 8 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган.