16- Январь 2013 -жылы
"Дед Хасан" деген каймана аты менен белгилүү орусиялык кримавторитет Аслан Усоян атып өлтүрүлгөн
"Дед Хасан" деген каймана аты менен белгилүү орусиялык кримавторитет Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн.
Аслан Усоян улуту боюнча күрд, 1937-жылы Тбилисиде төрөлгөн. 1967-жылы Грузиянын түрмөлөрүндө "мыйзамдагы ууру" деген наам алган. 1980-жылдары Орусиянын түштүгүн көзөмөлдөй баштаган. 1998-жылы Аслан Усоян өзбек криминалдык лидери Жора Ташкенскийге "мыйзамдагы ууру" наамын берген. 2008-жылы ал орус авторитети Иванков-Япончик менен катуу жакындашып кетет. Ошол эле жылы 23-апрелде Аслан Усоян менен Иванков-Япончик кыргыз криминалдык лидери Камчы Көлбаевге "мыйзамдагы ууру" наамын беришет да Казакстан менен Кыргызстандын түрмө-зоналарын толук көзөмөлдөөнү тапшырышат. Ал эми АКШнын президенти Барак Обама менен каржы министрлиги Камчы Көлбаевди бүтүндөй Борбордук Азиядагы наркотрафикти көзөмөлдөйт деп жарыялашкан. 2009-жылы Аслан Усоян Кавказ уюшкан кылмыш топторунун лидери болуп жарыяланган.