Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев
сыртынан 12 жылга соттолуп, мүлкү конфискацияланган. Ал "2009-жылы жеке компанияларга лицензия берген” деп айыпталып, кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аны Биринчи Май райондук
соту күнөөлүү деп тапкан. Капар Курманалиев өлкөдөн чыгып кеткен.