Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова, Эркингүл Иманкожоева жана Урмат
Аманбаева Бишкек шаардык №4 төрөт үйүндө 30-декабрь күнү үч эмди төрөгөн
Бактыгүл Молдотаеваны куттуктап, жаш эне жаткан жердин шарты менен таанышып, ага төраганын фондунан
100 миң сом беришкен. Борбордун
дарыгерлери эл өкүлдөрүнө эне жана анын ымыркайларынын абалы туруктуу экенин
айтышкан.