1- Декабрь 1956 -жылы
Актёр, режиссёр Замирбек Сооронбаев туулган
Актёр, режиссёр, КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев Нарын шаарында туулган. Ал 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны, 1979-жылы Ташкендеги А.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунун актёрдук факультетин бүткөн. 1979-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган. Замирбек Сооронбаев "Бишкек, мен сени сүйөм", "Баатыр", "Шайтан араба", "Көк салкын", "Чиркин өмүр", "Нонсенс" жана башка тасмаларда роль жараткан.