15- Январь 1965 -жылы
Америкалык боксчу Бернард Хопкинс туулган
“Баш кесер” кличкалуу америкалык боксчу Бернард Хопкинс АКШнын Филадельфия шаарында туулган. Профессионалдык бокс жаатында Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону титулун 20 ирет коргогон. Рингге бардыгы болуп 66 жолу чыккан. Булардын 55 жолкусун жеңип (анын ичинде 32син нокаут менен), 7 ирет жеңилип, 2 ирет тең чыккан.