Советтер Союзунда эң биринчи жол чырак Ленинградда Невск-Литейный көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
Жол чырак, тактап айтканда, светофор гректин "pforos" деген сөзүнөн алынган. Бизче "алып жүрүүчү" дегенди билдирет.
Кээ бир өлкөлөрдө жол чырактар кошумча үн сигналдары менен жабдылган. Анткени алар азиздерге ылайыкталып ойлонуп табылган.
Эң биринчи жол чырак 1868-жылы 10-декабрда Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж.Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты бар эле. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн. Ал эми кеч киргенден тартып айланып туруучу газ фонары колдонулган. Андагы кызыл өң “токто!” жана жашыл өң “өт!” дегенди түшүндүргөн. Бирок, 1869-жылы 2-январда газ фонары жарылып кетип, жанындагы светофорду башкарган полиция кызматкерин жарадар кылган. Ушундан кийин окумуштуулар дагы ойлоно башташкан.
1910-жылы адамдын катышуусу керек болбогон автоматташкан жол чырак Эрнст Сиррин аттуу чикаголук окумуштуу тарабынан ойлонуп табылган. Бул светофордо “токто! ” жана “өт!” деген жазуу болгон.
Электр менен иштеген жол чырактын ойлоп табуучусу болуп АКШнын Юта штатына караштуу соллт-лейк-ситилик Ластер Вайр аттуу окумуштуунун аты аталып келет. 1912-жылы ал кызыл, жашыл сигналы бар жол чыракты ойлоп тапкан. Бирок, ойлоп табуусуна патент алган эмес. Ал эми 1914-жылы ойлонуп табылган электр жол чырагы Жеймс Хог аттуу окумуштууга таандык болгон. Бул да эки: жашыл жана кызыл өңдө болгон. Жол чырактар кошумча үн сигналын берип турган. Бул систем жолдун кесилишиндеги будкада отурган полиция кызматкери аркылуу ишке ашкан. Ал эми үч өңдөгү жол чырактар 1920-жылы чыга баштаган. Сары өң кошулуп чыгарыла баштаган жол чырактарынын авторлору Жон Харрис менен Уильям Поттс болушкан. 1922-жылы мындай жол чырактар Европага жайыла баштаган.
Жол чырактагы өңдөр эмнени билдирет?
Жол чыракты ойлоп табуучулар, өнүктүрүүчүлөр кызыл, жашыл, сары өңдөрдү бекеринен тандап алышпаган.
Кызыл өң. Илгертеден эле отту, канды туюндуруп келген. Ошондон улам коркунучту эскертүүчү катары жол чыракка колдонулган. Негизи, кызыл нерсени көргөндө бардык адамдардын аң-сезиминде “этият болуу керек” деген ой пайда болот.
Сары өң. Илгертен сары түстү күндүн түсү менен байланыштырып келишкен. Мисалы, күн чыгары менен элдин баары кыймылга келет эмеспи. Ошондуктан, сары түс “кыймылга даярдануу” дегенди туюнтуп, жол чыракка колдонуп калган.
Жашыл өң. Жашыл талаа, жашыл токой, жаштык, эс алуу, бейпилдик, жакшы тилек, жаңылануу дегенди туюнтуп, “коопсуз кыймылга келүү” дегенди билдирет.