19- Январь 1985 -жылы Ырчы Жийдеш Идирисова төрөлгөн
Ырчы Жийдеш Идирисова Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.
2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.
Эскерте кетсек, Ж.Идирисова 2016-жылдын декабрь айында өткөн SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концертте" ырчылар менен бирге "Super.kg'ге арноо ырын" аткарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан