4- Август 1961 -жылы
АКШнын 44-президенти Барак Обама төрөлгөн
АКШнын тарыхында биринчи кара терилүү өлкө башчысы, өлкөнүн 44-президенти Барак Обама Гавайиде туулган. Атасы Америкага Кениядан келген, Барактын ата-энеси ал эки жашында ажырашып кетишкен. Мектеп жылдарында баскетболго аябай кызыгып, ал тургай Пунахау командасынын курамында штаттын чемпионатын да жеңип алган. Өзүнүн мемуарында мектептеги акыркы жылдарында марихуана жана кокаин да колдонуп көргөнү жазылган. 1983-жылы Эл аралык бизнес корпорациясында финансылык маалымат бөлүмүнүн редактору болгон. 1988-жылы Гарвард университетине тапшырып, университеттин "Harvard Law Review" басылмасынын тарыхында биринчи жолу кара редактор болгон. Бул көрүнүш дагы бир жолу кайталанып, АКШнын тарыхында биринчи жолу кара президент болуп отурат.