29- Январь 1972 -жылы
түрк актёру Энгин Гүнайдын туулган
Түрктөрдүн "Даңазалуу кылым" сериалындагы Гүл аганын ролу аркылуу атактуулукка жеткен түрк актёру Энгин Гүнайдын Түркиянын Токат шаарында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Энгиндин ата-энеси уулу врач же инженер сыяктуу олуттуу кесиптин ээси болсо деп кыялданган, бирок Энгин актёрдук кесипти тандаган. Ал Улуттук консерваторияны аяктаган. Андан соң комедия жанрындагы тасмаларда роль жаратып таанымал болгон. Ал өзүнүн карьерасын тасмаларга сценарий жазуудан баштаган. Өзүнүн комедиялуу сценарийи менен "Vavien" тасмасын тартып, "эң мыкты" деген баага арзыган. Ага 2011-жылы "Даңазалуу кылым" сериалындагы Гүл аганын ролу сунушталып, ал Хүрем султандын эң ишенимдүү кол алдындагы кишиси болгон. Алгач ага бул ролду сунуштаганда "мага кичинекей эле ролду берип койдуңар" деп таарынган, бирок ошол кичинекей эле роль көпчүлүктүн көңүлүндө калган.