20- Июль 2014 -жылы
Куудул, пародист Жаныбек Алыкулов каза болгон
Куудул, пародист Жаныбек Алыкулов 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган. Ал эми 21-июлда сөөгү Ала-Тоо конушунда жерге берилген.
Кыргыз маданиятына салым кошуп, куудул, пародист гана эмес, ырчы катары эл оозуна алынган Жаныбек Алыкулов Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. Ош педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган.