3- Февраль 1939 -жылы сталиндик кандуу террор маалында Кыргыз өлкөсүнүн НКВДсын жетектеп турган Лоцманов камакка алынган
Сталиндик кандуу террор маалында Кыргыздын НКВДсын жетектеп турган Лоцманов камакка алынган. Ушул эле жылдын август айында ал "тыюу салынган ыкмаларды колдонуп, революциялык мыйзамдуулукту бузган" деген беренеге ылайык мурдагы жазалоо органынын анабашчысы атылып кеткен. 
Лоцмановго Кыргызстан КП БК (б)нын мурдагы биринчи секретары М.К.Аммосовго, Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин мурдагы төрагасы Б.Д.Исакеевге жана башка каршы ыплас тергөө ыкмаларын колдонгон деген айып коюлган. Кыргыз НКВДсын Четвертаков жана Лоцманов жетектеп турган маалда бейкүнөө Кыргыз жарандарынын каны суудай аккан. 
Архивдик маалыматтарга караганда, Четвертаков менен Лоцмановдордун маалында НКВД органы 7610 кыргызстандыкты камап, алардын көбү атылып, калгандары адам чыдагыс кыйноону башынан кечиришкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан