3- Февраль 2005 -жылы
дүйнөдөгү эң кымбат гезит Кытайда чыккан
Дүйнөдөгү эң кымбат гезит Кытайда чыккан. Гуандун провинциясынын Шэнчжэн шаарында жарык көрчү "Economic Daily" гезитинин материалдары бул күнү алтын барактарга басылган.
Гезиттин саны "Гүлдөгөн Кытайдын мезгили" аталып, анда Кытай Элдик Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын кийинки жылдардагы ишкердиги чагылдырылган.
Гезит "коллекциялык" жана "люкс" басылыш варианттында ар бири 36 экземпляр менен чыгарылган. "Коллекциялык" басылыштын ар бир гезитине 500 грамм алтын, "люкс" басылмага 200 грамм алтын сарпталган. Гезиттин ар бир варинты 8100 жана 3500 долларга сатылган.