Мексиканын
Сонора штаты жаңы төрөлгөн балдарга ысым коюуда 61 атка тыюу салган мыйзам кабыл
алган. Аталган аттардын тизмесине Гитлер, Рембо, Бургер-Кинг, Терминатор,
Джеймс Бонд, Бэтмен, Twitter, Facebook жана башкалар кирген. Мыйзам жаш
балдардын кийинки жашоосунда ысымынын айынан коомчулукта шылдын болуп калуудан
алдын алуу болуп саналган.