V чакырылыштагы "Республика" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Абдрахманов Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "юрист" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1986-жылы Фрунзе шаарынын ИИБ БППСинин 4-ротасында милиция кызматынан баштаган.
1990-1999-жылдарын – ИИБ ОБППСинин мотомеханизациялаштырылган взводунун командири, ИИБ ОМАИ ОБДПС атайлаштырылган взводунун ЖКК улук инспектору, ИИБ ППС кезметтик полкунун улук инспектору, Бишкек шаарынын ИИБ ОМАИ ДПС ОБ кызматынын улук инспектору.
1999–2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын ИИМ УМАИ ДПС ротасынын мотовзводунун командири.
2000-2001-жылдары – Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБ МАИ бөлүмүнүн башчысы.
2001-2002-жылдары – Баткен облусунун ИИБ ОМАИ башчысы.
2002-2003-жылдары – Ош облусунун ИИБинин карамагына алынган.
2003-2005-жылдары – Баткен облусунун ИИБ ОМАИ башчысы.
2005-2006-жылдары – Ош облусунун ИИБ ОМАИ башчысынын орун басары, жол көзөмөлү боюнча улук инженер, Баткен облусунундагы Кызыл-Кыя шаарынын ИИБ ОМАИ башчысы.
2006-2007-жылдары – Кыргыз Республикасынын ИИМ УМАИ МРЭГинин издөө боюнча инспектору (Сүлүктү шаары, Лейлек жана Баткен райондору).
2007-2009-жылдары – Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ИИБ ОМАИ ЖКК улук инспектору.
2009-2010-жылдары – Баткен облусунун РЭО жол көзөмөлүнүн улук инспектору, улук мамавтоинспектору.
2010-2012-жылдары – 64 "Н" беренеси боюнча ВС запасына бошотулган (белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик мекемелерде жана дашы башка мамлекеттик органдарда которулуу аркылуу).
2012-2013-жылдары – Баткен облусунун ИИБ ЖЖКБ башчысы.
2013-жылы Кыргыз Республикасынын ИИБинен "Б" беренеси боюнча бошотулган (жаш курагы жеткендиги).
2014-жылдын 6-мартында "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү.