20- Апрель 1868 -жылы Манасчы Сагымбай Орозбак уулу туулган
Айрым тарыхый маалыматтар боюнча манасчы Сагымбай Орозбак уулу Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылынын жанындагы Кабырга деген жерде туулган. Манас айтууга Сагымбай Орозбак уулу 14-15 жаш курагынан тартып кирише баштаган. 
Бардык эле манасчылар сыяктуу Сагымбай Орозбак уулу да "Манас" эпосун айтууну түш көрүү менен байланыштырган. Ал түшүндө бир чоң үйдүн ар кайсы жерлеринде "Манас" айтып жаткан кишилерди көрөт. Алардын ар бири ар башка окуяларды айтып жаткан болот. Ошондо бирөө Сагымбай Орозбак уулун: "Манас" айтпасаң айбалта менен чабам", - деп коркутат. Манасчынын айтымында түшүндө коркуткан адам Семетей болгон. Ушул түшүнөн кийин Сагымбай Орозбак уулу "Манас" айтууга кирише баштаган. 
Сагымбай Орозбак уулу 1916-жылы Кытайга эл менен үркүп барып, ал жерде да "Манас" айткан. Кытайлык кыргыздардан да ага тең келген манасчы чыккан эмес.
Сагымбай Орозбак уулунун оозунан дастандын биринчи бөлүгү "Манас" гана жазылып алынган. Замандаштарынын  айтымында, өзүн "семетейчи" деп эсептеген. Анын айтуусунда "Манас" эпосун жазуу иши 1922-жылы башталып, манасчынын ден соолугу кескин начарлашына байланыштуу дастанды кагазга түшүрүү 1926-жылы токтотулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан