Марксизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири Фридрих Энгельс Германиянын Бармен (учурку Вупперталь) шаарында ийгиликтүү фабрика ээсинин үйүндө 1820-жылы 28-ноябрда туулган. Шаардын мектебинде 14 жашына чейин окуган. 1834-жылдан тарта гимназияда окуп, 3 жыл өткөн соң атасынын буйругу менен анын дүкөнүндө сатуучу болуп иштөө үчүн окуусун таштаган. 1838-жылы сатуучу кызматкеринин окуусунда окуган. Ошол эле маалда "Штутгарттын таңкы гезитинде" жана "Аугсбургсктун жалпы гезитинде" корреспондент болуп иштеген. Жаш Энгельс өзүнүн алгачкы макаласын 1839-жылы март айында, 18 жашында жазган. 1841-жылдын сентябрь айында Энгельс Берлинде бир жылдык аскердик кызматын өтөп баштаган. Ал жактан философия боюнча лекцияларга катышкан. 1842-жылы Кёльнго барып, Карл Маркс менен таанышкан.