16- Февраль 2013 -жылы Орус философу Григорий Померанц каза болгон
Орусиялык философ, маданият таануучу, жазуучу, эссеист Григорий Померанц Москвада 95 жашында каза болгон. 
Ал эки диссертация жазып, экөөнү тең жактай албай калган. Биринчи диссертациясы Ф.М. Достоевскийдин чыгармалары тууралуу болчу. 1949-жылы Григорий Померанц антисоветтик иштерге айыпталып камакка алынган. Диссертациялык иши "ишке тиешелүү эмес" делип, жок кылынган.
Экинчи диссертациясы "Нигилизмдин негизги диний агымдары" деп аталган. Бул диссертациясын Чехославакияга армия алып кирүүгө каршы чыккандардын коргоочулар тизмесине жазылып, кол койгону үчүн "үстүдөн буйрук" келип жактай албай калган. Андан кийин диссертация жазуудан баш тарткан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан